Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбордук Азия боюнча аймактык директору Айтен Рустамова менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешип ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жүрүшүн талкуулашты, тактап айтканда, «Бишкек шаарынын катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу», «Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү», «Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо жана канализациясын реабилитациялоо».

Мындан тышкары, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү жана борбор калаанын абасынын сапатын жакшыртуу боюнча жаңы багыттарда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.