Бишкекте борбор калаанын биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкуловдун төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи май райондору боюнча 2022-жылдын 27-февралына пландаштырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча шаардык штабдын жыйыны өттү.
Жыйындын жүрүшүндө уюштуруу маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына өз убагында көмөк көрсөтүү жана шайлоону материалдык-техникалык жактан камсыздоо маселелери талкууланды.
Жыйынга район жетекчилери, борбор калаанын мэриясынын кызматтарынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Штабдын негизги тапшырмаларында УШКларды үзгүлтүксүз электр энергиясы жана интернет менен камсыздоо, антисептиктер, өрт коопсуздугун жана коомдук тартипти көзөмөлдөө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттарды түзүү маселелери козголуп, шаардык кызматтарга УШКлардын аймагында санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 120 участкалык шайлоо комиссиясы: Биринчи май районунда 60, Свердлов районунда 60 участкалык шайлоо комиссиялары түзүлгөн.