3-февралга карата 4 мектеп жана 3 бала бакча онлайн режиминде окуу үчүн карантинге алынган, бирок борбор калаанын 19 мектеби оффлайн режимине кайтып келген.

Ленин районунун 2 мектеби: №9чу жана 13-мектепте окууну улантууда: Октябрь районундагы №14чү жана №1-мектепте, Свердлов районундагы №1-мектепте.

№104чү, №148чи, №61- бала бакчалар карантинге жабылды.

Төмөнкү мектептер кадимки окуу режимине кайтып келишти:
- Октябрь району: 4 мектеп (№17, 26, 62, 88);
- Биринчи май району: 6 мектеп (№6, 18, 28, 70, 61, 48);
- Свердлов району: 8 мектеп (№4,11,12,30,32,38,67,52, 33).

Урматтуу шаардыктар! Санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана эрежелерди сактаңыздар: беткап тагынып, антисептик колдонуңуз, колду бат-баттан жууп, бөлмөнү желдетип, аралыкты сактаңыздар жана эң башкысы коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алыңыздар. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!