Бишкек шаарынын мэриясынын Жашылдандыруу жана жер пайдалануу көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын адистери “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен биргеликте борбор калаадагы административдик имараттардын жанындагы тосмолорду алуу иштерин улантууда.
Бул жолу Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Фрунзе, Турусбеков көчөлөрү менен Манас проспектисинин боюндагы тосмолору алынды.
Аталган иштер «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин кайрылуусунун негизинде жүргүзүлүүдө. Бул жааттагы иштердин максаты, шаар куруу жана архитектуралык ишмердүүлүк чөйрөсүндө бирдиктүү стратегиялык саясатты ишке ашыруу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу.
Бишкек шаарынын мэриясы мамлекеттик органдардын жана коомдук мекемелердин администрацияларынан тосмолорду өз ыктыяры менен алууну суранат.
Урматтуу шаардыктар! Мыйзамсыз объекттер боюнча суроолорго жоопторду башкармалыктын социалдык тармактардагы баракчаларынан таба аласыздар:
Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/
Instagram: uzs@bishkek.kg
Twitter: @uzsmeriakg