Борбор калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева Умуралиев атындагы шаардык драма театрдын ишин текшерди.

Театрдын директору маданият мекемесинин иши жана быйылкы пландары тууралуу айтып берди.

Вице-мэр муниципалитет борбор калаанын маданий мекемелерине өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

Бишкек шаардык театры 1991-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти Арсен Умуралиев жана театр таануучу Цыцыгма Умуралиева тарабынан мамлекеттик театрлардын академиялык формаларына альтернатива катары негизделген.