Азыркы тапта "Ак-Ордо" конушундагы Садыр-Аке жана Каркыра көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы бала бакчанын имараты курулууда.
Ленин районунун акими Русланбек Тагаев жаңы бала бакчанын имаратынын курулуш долбоорун карап, иштин сапатын текшерди.
Белгилей кетсек, азыркы учурда биринчи жана экинчи кабаттардын арасындагы тосууларды толтуруу үчүн опалубка орнотулуп, ошондой эле чектеш аймакка пландоо иши жүрүүдө.
Бишкек шаарынын мэриясынын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын тапшырыгы боюнча жеринен иштеп жаткан "АкНиетКурулуш" ЖЧК подряддык уюму. Каржылоо булагы-шаардык бюджет.
Эскерте кетсек, мектепке чейинки жаңы билим берүү уюмунун курулушу өткөн жылы башталган, колдонууга киргизүү 2023-жылга пландаштырылган.
Имарат эки кабаттуу болот, биринчи кабатта оюн бөлмөлөрү, буфеттик бөлмө, ашканасы, уктоочу, санитардык бөлмөсү жайгашкан. техникалык түйүндөр бөлмө, кабыл алуучу бөлмө, медициналык бөлмө жайгашат. Экинчи кабатта – педагог-тарбиячылардын бөлмөсү, Музыкалык-гимнастикалык зал, оюн бөлмөлөрү, буфеттик, кабыл алуу бөлмөсү, санитарды кампа жана техникалык жай бөлмөсү болот. Долбоордук кубаттуулугу 280 орунду түзөт.