Казакстандагы акыркы окуяларда жапа чеккен кыргызстандык Сыдыков Чолпонбекке борбор калаанын мэриясы колдоо көрсөттү.
Муниципалитеттин резервдик фондунан 50 миң сом бөлүндү. Азыр ал Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасында дарыланууда.
Борбор калаанын мэриясы мекендештин тезирээк сакайып кетишин жана чың ден соолук каалайт.