Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан балдарга карата ырайымсыз мамиленин жана зордук-зомбулуктун алдын-алуу багытында бир топ иш-чаралар өткөрүлүп келет: 17 миңден ашуун үй-бүлөнүн жашоо-тиричилик шарттары текшерилген жана текшерүүнүн жыйынтыгы менен:
-турмуштун оор кырдаалына кабылган, алардын ичинде эмгек мигранттарынын балдары каттоого алынган;
-161 үй-бүлөгө - социалдык жардам көрсөтүлгөн.
Борбордо 111 – “ишеним телефону” өз ишин улантууда, анын жардамы менен психологиялык кеңештер/консультациялар берилет, андан ары реабилитациялоо сабактары өткөрүлөт.
Зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдарга жардам берүү борборунун алдында “Балдарга тез арада шашылыш жардам берүү үчүн социалдык автомобиль” социалдык кызматы иштейт, 2021-жылдын ичинде аталган кызмат тарабынан 745 чыгуулар болгон.
Бишкекте Балдарды социалдык адаптациялоо борбору (Курчатов көч.-70) жана “Айданек” жашы жете элек балдар үчүн реинтеграциялоо борбору иштээрин белгилеп кетебиз.