2021-жылдын ичинде 7 миңден ашуун бала каттоого алынган, алардын ичинен, 854 бала - турмуштун оор кырдаалына кабылган абалда болушкан.
Жүргүзүлгөн иштер жана көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы менен:
-123 бала - асырап алуучуларга жана камкорчуларга дайындалышкан;
-278 бала - реабилитациялоо борборлоруна жайгаштырылган;
-113 баланын – туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү калыбына келтирилген;
-219 бала - өздөрүнүн үй-бүлөлөрүнө кайтарылган.
Социалдык кызматкерлер тарабынан ИИБ, МАБдардын кызматкерлери менен биргеликте чогуу 123 рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп, жыйынтыгында, 648 жашы жете элек өспүрүм балдар аныкталган, алардын ичинен:
-124 бала - иштеп жүргөн;
-18и – тиленип жүрүшкөн;
-424ү - компьютердик клубдарда болушкан;
-4өөсү – ар кайсы жерлерде жүргөн;
-78 балалуу аялдар - Өзбекстан Республикасынан келип, тилемчилик кылып жүрүшкөн.
Бул багыттагы иштер улантыла берет.