Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекованын айтуусу боюнча 2015-жылдын 4-декабрында Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын бардыгында “Манас” эпосун белгилөө күнүнө карата иш-чаралар уюштурулду.
Сынактын жыйынтыгы боюнча №165 (Нурланов Дастан 1-орун), №1 (Абдыкадыров Илимбек 2-орун), №79 (Бактыбеков Абдыкалык 3-орун жана Кыргызалиев Илим 4-орун) балдар бакчаларынын тарбиялануучулары байгелүү орундарга татыктуу болушту.
Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында №39 МГнын окуучусу Асыкбеков Элбарс биринчи орунга, № 66 МГнын окуучусу Макелов Акжол экинчи орунга, № 59 ОМнын окуучусу Майрамбек уулу Калыбек үчүнчү орунга жана № 58 ОМнын окуучусу Жолдошбек кызы Акылай төртүнчү орунга ээ болду. Жеңүүчүлөргө жана бардык катышуучуларга, сынакка жигердүү катышкандыгы үчүн, сыйлыктар жана грамоталар тапшырылды.
Шаардык иш-чара Кыргыз Республикасынын “Манас” эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү жана даңазалоо жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 259 “Кыргыз Республикасында “Манас” эпосунун күнүн белгилөө жөнүндө” токтомун ишке ашыруу негизинде өткөрүлдү.