Санитардык-экологиялык инспекциясы борбор калаанын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарды аныктоо иштерин улантууда.

Тазалык тартибин сактабагандыгы үчүн «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренесине ылайык, Рыскулов көчөсүнүн №12 дарегинде тургуну К.Аскеров аттуу жаранга 13 миң сомго айып салынды.

115-беренеге ылайык,  5500 сомдон 23000 сомго чейин тиричилик жана өндүрүш калдыктарын белгиленбеген жерге таштагандыгы  үчүн: Лермонтов көчөсүндөгү №2 «Себе» ишканасы, Ж.Жолу проспектисинин №380/4 жана Сухе –Батор № 3/27 көчөсүндөгү «Палаццо» рестораны айып тартышат.

Ал эми «Курулуш» компаниясы Курчатов көчөсүндөгү жолду булгап, 177-берененин 2-бөлүмү боюнча 23 миң сом жоопкерчиликке тартылат.

Ошондой эле, СЭИ командасы «Тазалык» МИ менен биргеликте борбордун чарбалык субъектилеринин арасында таштанды чыгаруу боюнча келишимдин бар-жоктугун текшерүүдө. Тазалык үчүн күрөш уланууда. Шаардыктарды таштанды чыгаруу боюнча муниципалдык ишкана менен тиешелүү график боюнча келишим түзүүнү өтүнөбүз.

Урматтуу шаар тургундары! Үйүңүздүн жана кеңсеңиздин айлана-тегерегин таза кармаңыздар.

Урматтуу шаардыктар! Шаардын көрктөндүрүү эрежелерин бузулганына  күбө болсоңуздар, Санитардык-экологиялык инспекциянын төмөнкү телефондоруна кайрылсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи Май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.