Бүгүн Октябрь акимчилигинин кызматкерлери аймактык тескөөчүлөр жана Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгерлери менен биргеликте «Тамеки тартуу» рейдин өткөрдү.
Иш-чара алдын алуу максатында оюн-зоок жайларында өткөрүлүүдө.
Рейддин катышуучулары мекеме-ишканалардын жетекчилери жана коноктору менен коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салуу, мындан аркы кесепеттер тууралуу сүйлөшүү жүргүздү.