Свердлов районунун акими Бахтияр Карамшаковдун төрагалыгы алдында күз-кыш мезгилине карата райондук штаб өткөрүлдү.

Жыйынга муниципалдык администрациянын кызматкерлери, тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү, ошондой эле Муниципалдык аймактык башкармалыктардын начальниктери катышты.

Талкуунун жыйынтыгы менен көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча кызматтарга тиешелүү тапшырмалар берилди:

-  Свердлов району боюнча «Энергосбыт» башкармалыгына райондо жайгашкан майнинг чарбалар боюнча маалымат даярдоо;
- «Бишкекжылуулукэнерго» КИсине жана Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгына 2022-жылдын планына билим берүү мекемелериндеги бирден көмүр отканасын газга өткөрүүнү киргизүү;
- Свердлов райондук билим берүү борборуна жылуулук түтүктөрүн «Бишкекжылуулукэнерго» КИне жана «Бишкекжылуулуктармагы» ААКнын балансына өткөрүү процессин тездетүү;
- Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ жана №18 МАБына Ибраимов көчөсүндөгү «С Легким паром » эс алуу жайынын жетекчилиги менен отундун альтернативдүү түрүнө (газ, электр энергиясы ж.б.) өтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

-Чыгыш РЭТ жана №21 МАБына  «Электросила»  ЖЧКсы “Дордой-2” жаңы конушундагы Обьездная көчөсүндө бойлото  жайгашкан жогорку вольттогу электр кабелин тартуу боюнча курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат документтерин текшерүү.