Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүнүн жанындагы пикетке чыккан аял Жумагулова Чынар менен Орозова Керез (апасы) учурда Бишкек шаарынын мэриясынын “Ардагер” пансионуна убактылуу жайгаштырылды.

Белгилей кетсек, 2011-жылы Лермонтов көчөсү 85 дареги боюнча үйдүн ээси Джумагулова Г.Д. «МКК Золотой Стандарт» ЖЧКсынан жогорудагы үйдү 1 жылдык мөөнөткө, 43,2% үстөк менен күрөөгө коюп, 200 миң сом кредит алган. Бирок үйдүн ээси 2015-жылы каза болгон, азыркы убакка чейин бул даректе Ч.Жумагулова апасы менен жашачу. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин мурасты ачуу процесси болгон эмес. «МКК Голд Стандарт» ЖЧСсы акчасын төлөбөгөндүгүнө байланыштуу, алар кредиттик келишим боюнча үйдү жаран Безбородов С.С сатышкан.

«МКК Золотой Стандарттын» маалыматы боюнча Г.Жумулованын эсебинде 1100,0 миң сом акча каражаты бар (үйдү сатуудан жана кредиттин айырмасы).

Свердлов районунун сотунун 2014-жылдын 13-ноябрындагы чечими менен С.С.Безбородовдун арызы боюнча соттун чечими чыгарылып, 2021-жылдын 9-июлда Свердлов районунун Соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн кызматкерлери үйдүн тургундарын чыгарышкан.
Свердлов районунун акимиаты Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы менен биргеликте 1 айлык мөөнөткө батир алып, ошондой эле материалдык: мэрдин резервдик фондунан 50 миң сом, Свердлов районунун резервдик фондунан 10 миң сом, муздаткыч, 2 керебет жана керектүү буюмдар жана азык-түлүк жагынан жардам көрсөтүлгөн.

2021-жылдын жай айларында жаран С.С.Безбородов  үйдү жаран Таласбек У.А.га саткан. 2021-жылдын жай айларында Таласбек у.А. чоң үйдүн бир бөлүгүн бузуп, 2022-жылдын 14-январында Лермонтов көчөсү 85 дарегиндеги имаратты (үйдүн бир бөлүгү) толугу менен бузган.