Мектепте 9 бала окуйт. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине 1500 сом өлчөмүндөгү материалдык жардам көрсөтүлдү.
Мектеп парламенти окуучулар арасында акция өткөрүштү. Окуучулар оюнчуктарды, китептерди жана кеӊсе товарларын алып келишти. Бардык белектерди мектеп парламенти №22 көмөкчү мектепке тапшырышты.