Оӊдоого туура келген жолдун узундугу 2,8 км жана сметалык наркы республикалык бюджеттен 225,5 млн.сомду түзөт.
Ауэзов көчөсүнөн Чолпон-Ата көчөсүнө чейин түндүк тарабынан 1 км ге жакын жолго капиталдык оӊдоо жүргүзүлүп, эки катмар асфальт жана жээк таштар орнотулду.
Кыш мезгилинин келгендигине байланыштуу Чүй проспектисин кайрадан куруу иштери токтотулду. Калган жол тилкеси 2016-жылы бүтүрүү пландалууда.