Текшерүүдө Салиева көчөсү №229 үйүнүн айланасы антисанитардык абалга жетип, «Аламүдүн» дарыясынын жээгине таштандылар ташталып, ошондой эле КТК чогултуу үчүн урнанын жоктугу, санитардык нормалар сакталбай, Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелери бузулгандыгы аныкталды.


Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан үй комитети Сабыркулова А.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.