4-декабрдан 25-декабрга чейин борбор калаада Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек шаардык кеңешинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, муниципалдык администрацияларынын кызматкерлери арасында спорттун жети түрү боюнча (мини-футбол, волейбол, стол тенниси, шахмат, дартс, аркан тартыш, бильярд) мелдештер өттү.

Спорттук иш-чарага жалпысынан 525 катышуучуну камтыган 20дан ашык команда катышты.

Жыйынтыгында мини-футбол боюнча жеңүүчүлөр:
• 1-орун – «БПАТП» МИ;
• 2-орун - Биринчи май акимиаты;
• 3-орун - «Бишкекжылуулукэнерго» КИ.
Волейбол:
• 1-орун – «Тазалык» МИ;
• 2-орун - Биринчи май акимиаты;
• 3-орун - Ленин акимиаты.
Теннис:
• 1-орун – «Бишкексууканал» башкармалыгы;
• 2-орун - Октябрь акимиаты;
• 3-орун - Коомдук - мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы.
Дартс:
• 1-орун – «Бишкексууканал» башкармалыгы;
• 2-орун – Шаардык чарба департаменти;
• 3-орун - Ленин акимиаты.
Аркан тартыш:
• 1-орун - Ленин акимиаты;
• 2-орун – «Бишкекжылуулукэнерго» КИ;
• 3-орун – «Бишкексууканал» башкармалыгы.
Шахмат:
• 1-орун - Свердлов акимиаты;
• 2-орун – Шаардык чарба департаменти;
• 3-орун - Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы.
Бильярд:
• 1-орун - Бишкекэнергосбыт;
• 2-орун - Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппараты;
• 3-орун - «Бишкекжылуулукэнерго» КИ.
Мэриянын кубогунун уюштуруучулары дене тарбия жана спорт башкармалыгы болду.