Урматтуу шаардыктар! Борбор калаадагы эпидемиологиялык абал туруктуу, бирок биз шаардыктарды өзүңүздөрдү коргоого, санитардык эрежелерди так сактоого чакырабыз.
Дарыгерлердин кабинетинин жанындагы кезек күтүүнү чектөө жана шаардыктарды, бейтаптарды covid-19дан коргоо максатында, электрондук ден соолук борборунун дарыгердин кабыл алуусуна онлайн жазылуу санариптик платформасы иштеп жатат.
Системага бардык шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлору кошулган. 2021-жылы ҮМБда дарыгерлерге кабыл алууга жалпысынан 840 миң бейтап катталган. Анын ичинен 434 573 регистратура аркылуу жазылып, 321 миң 592 портал аркылуу жана 83 миң 752 бейтап үй-бүлөлүк дарыгер аркылуу жазылган.
Урматтуу шаардыктар! Дарыгерге онлайн жазылуу үчүн бир нече жөнөкөй кадамдарды жасоо керек:
1-кадам.
registratura.med.kg порталына өтүү;
ПИН (паспортто 14 символдон турган жеке идентификациялык номер)киргизүү;
Телефон номурун киргизүү.
2-кадам.
Дарыгерди тандоо
3-кадам.
Датасы жана убактысы тандоо
Жазууну ырастоо
Урматтуу шаардыктар! Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Бет кап тагынып, колуңуздарды жууп жана аралыкты сактаңыздар.
Сиздерден өзүңүздөрдү дарылабай, ден-соолугуңуздарды сактоого жоопкерчиликтүү мамиле жасоону өтүнөбүз. Эгерде сиздер ооруп жатканыңыздарды сезсеңиздер, анда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлери менен кеңешип, оорунун баштапкы этабында алдын алсаңыздар болот. Дарыгерлер ар дайым сиздерге керектүү жардамды берүүгө даяр.