Биринчи май акимиаты жашы жете элек өспүрүмдөрдү ишке тартуунун алдын алуу, кайыр сураган жашы жете электерди аныктоо максатында пландуу рейд өткөрдү.
Иш-чара райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, ички иштер башкармалыгы жана МАБ менен биргеликте өткөрүлдү.
Борбордук көчөлөрдү, жер астындагы өтмөктөрдү, аянттарды жана сейил бактарды, "Азиз", Сары-Өзөн", "Кудайберген" базарларын кыдырып чыктык.
Натыйжада жашы жете элек 5 бала иштеп, үчөө кайыр сурап жүргөнү аныкталды.
Ата-энелик милдетти туура аткаруу боюнча ата-энелер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө 3142 бала каттоодо турат, анын ичинен 336сы оор турмуштук кырдаалда, 78 жөлөкпул категориясында, 25 жетим, 481 жарым жетим, 853 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, 1369 аз камсыз болгон балдар.
Урматтуу ата-энелер! Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, балдарды тарбиялоо, багуу жана коопсуздугу үчүн сиз өзүңүз гана жооптуусуз. Балдар эмгегин анын эң начар формаларында пайдаланууга тыюу салынат!
Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз балдарга карата зордук-зомбулукка же тилемчиликке күбө болсоңуз, дароо милицияга кабарлаңыз: 102.