Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жибек-Жолу проспектиси менен Тимирязев көчөсүнүн кесилишиндеги күйүүчү-майлоочу майлар сакталган кампада өрт чыккан жерде таң эртеден бери жүрөт.

Учурда өрт чектөөгө алынды. Өрт өчүрүүгө ӨКМдин Бишкек шаарынын Биринчи май, Свердлов жана Октябрь райондук өрткө каршы бөлүмдөрүнүн, ошондой эле «Бишкексууканал» башкармалыгынын суу ташыгычтары тартылган.

Мындан тышкары, муниципалитеттин башчысы өрттүн чыгышына себеп болгон жагдайларды тактоо үчүн бардык шаардык кызматтардын катышуусунда чукул жыйын өткөрдү.