Биринчи май акимиаты мобилдик бригадасы менен биргеликте орус-кыргыз «Аманбанк» ААКсынын кызматкерлери менен коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөнүн зарылдыгы жана санитардык нормаларды жана эрежелерди сактоо боюнча жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушууда кызматкерлерге вакциналар, медициналык көрсөткүчтөр жана каршы көрсөтмөлөр айтылды. Жыйындын соңунда каалоочулар эмдөөдөн өтүштү.
Эскерте кетсек, эмдөө пункттарынан Sinopharm, AstraZeneca, Pfizer/BioNTech, Sputnik Light, Moderna вакциналарын ала аласыздар.
Бул багыттагы иштер улантылууда.
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Баарыңыздарды эмдөөдөн өтүүгө чакырабыз. Белгиленген санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана талаптарды сактоону суранабыз: беткап кийиңиздер, аралыкты сактаңыздар, антисептик колдонууну жана имараттын ичин тез-тез желдетип туруңуздар.
Өзүңүздорго жана жакындарыңызга кам көрүңүз!