Грамоталар райондун аймагын санитардык тазалоодо жана көрктөндүрүүдө кылган ак кызматы үчүн тапшырылды.


Күн сайын «Тазалык» МИнын кызматкерлери борбордук көчөлөрдү, арыктарды, көк майсандарды, ошондой эле таштанды аянттарынан таштандыларды чыгарып, тазалоо иштерин жүргүзүп келишет.