Биринчи май районунун акимиаты «Нурлуу кайрымдуу кыздар» кайрымдуулук фонду менен биргеликте райондун социалдык жактан аялуу катмарына колдоо көрсөтүүдө.

Фонд тарабынан 19 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 10 каптан көмүр бөлүнүп берилди.

Район башчысы Жамалбек Ырсалиев көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Белгилей кетсек, фонд жардамга муктаж үй-бүлөлөргө үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп келет.

0 (312) 32-51-60 телефону аркылуу алдын ала жазылып, толук маалымат алсаңыз болот.