Биринчи май районунун акими Жамалбек Ырсалиев шаар тургундарына салтка айланган жеке кабыл алуу өткөрдү.

Шаардын 10 тургуну материалдык жардам, жер маселеси боюнча кайрылышты.

Панфилов көчөсүнүн тургуну мыйзамсыз курулган павильонду демонтаждоону суранган.

Шаар тургуну Т.Аширканов да соода түйүнүн ижарага берүү маселесин чечүүгө, ошондой эле 3 тургун эң керектүү буюмдарга, дарыланууга материалдык жардам сурап кайрылган.

Урматтуу Биринчи май тургундары! Райондун акими Жамалбек Ырсалиев шаршемби күндөрү тургундарды кабыл алса, акимдин биринчи орун басары Сатыбек Каныбеков дүйшөмбү күндөрү жеке кабыл алууда, акимдин социалдык маселелер боюнча орун басары Аида Рысбаева шейшемби күнү, бейшемби күндөрү аппарат жетекчиси Чыгыз Байсов байланышта.