Санитардык-экологиялык инспекция борбор калаанын акимчиликтери менен биргеликте тыюу салынган буюмдарды өрттөөнүн алдын алуу максатында дем алыш күндөрү рейд өткөрдү.

Текшерүүгө 111 объект – мончолор, сауналар жана жеке үйлөр алынган.

Жыйынтыгында өрттөө фактысы Таймырская көчөсүндө жашаган шаар тургуну М.Абдраимовдон аныкталган. Тартип бузган жаран мончосун тигүү калдыктары менен жылытып келген, ага карата жеринде акт түзүлүп, анын негизинде Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык жаза колдонуу жөнүндө протокол түзүлөт.

Калган бардык объектилерде көмүр колдонулган, мыйзам бузуулар аныкталган жок.

Шаардыктар менен тыюу салынган каражаттарды өрттөп жибербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.  Бул багыттагы иштер уланууда.

Урматтуу шаардыктар! Тыюу салынган каражаттарды колдонбоону суранабыз.  Түтүн менен бирге оор химиялык заттар бөлүнүп чыгып, ден соолукка зыян келтирип, атмосфералык абанын сапатын бузат.

Эгерде сиз ушундай мыйзам бузууларга күбө болсоңуз, санитардык-экологиялык инспекциянын номерлерине кайрылыңыз:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;

- Октябрь району боюнча: 0505523832;

- Биринчи май району боюнча: 0555404818;

- Ленин району боюнча: 0554222213.