Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев балдар үйүнүн дагы эки бүтүрүүчүсүнө батирлердин ачкычын тапшырды.                                                                                                                  

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан  Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине жана турак жай-укуктук мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларына ылайык,  ошондой эле «Жетим балдар» жеңилдетилген категориясы боюнча райондук администрацияларда турак жай шарттарын жакшыртууга муктаждардын эсебинде турган У.Ж.Курмангалиевге жана  Б.К. Атановго муниципалдык турак жай берүү жөнүндө буйруктар кабыл алынган (чыгарылган).  

Эске салсак, ушул жылдын ноябрь айынын башында муниципалитет башчысы балдар үйүнүн беш бүтүрүүчүсүнө үйдүн ачкычын тапшырган.