«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери райондордогу авариялык абалдагы, куурап калган, үстү куураган, ошондой эле тамыр системасы чирип кеткен бак-дарактарды мөөнөттөрүн көрсөтүү менен комиссиялык экспертизадан өткөрүп, андан соң санитардык бутоо иштерин жүргүзүшөт.
Ошентип, төмөнк ү көчөлөрдө үстүртөн жана терең санитардык бутоо, ошондой эле бузуу иштери жүргүзүлдү: Абдрахманов, Чүй проспектиси Манас проспектисинен Абдрыхманов көчөсүнө чейин, Ч.Айтматов көчөсүндө Ахунбаев көчөсүнөн Жибек-Жолуга чейин, Фучик, Байтик-Баатыр, Ахунбаев, Горький, Юнусалиев, Жибек-Жолу Алматинскийге чейин ,бЖаш Гвардия бульвары.
Ал эми Эмен сейил багында, Элдердин достугу скверинде, Өкмөт скверинде, Эркиндик бульварында Түгөлбай ата көчөсүнөн Абдымомунов көчөсүнө чейинки бак-дарактар пландуу санитардык бутоодон өткөрүлдү.
Бүгүнкү күндө Эркиндик бульварында Фрунзе көчөсүнөн Жибек-Жолуга чейинки бөлүгүндө, Орозбеков, Раззаков, Элебаев, Лермонтов иштер жүрүп жатат.
Урматтуу шаардыктар, санитардык бутоодон мурун биздин ишкананын агрономдору дыкат текшерип, куурап калган бак-дарактардын кооптуулугун аныктап, Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин Бишкек аймактык башкармалыгы менен иш-аракеттерди макулдашышат.