Жаңы жылдын алдында Help the Children-SKD Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын бир нече бөлүмдөрүн, палаталарын, дарылоо бөлмөлөрүн, оюн бөлмөлөрүн жана кабыл алуу бөлүмдөрүн жабдууга жардам берди.
500 миң сомдон ашык суммада колдоо көрсөтүлүп, ооруканага медициналык шкафтар, рециркуляторлор, керебеттер, турмуш-тиричилик техникалары, шейшептер жана амбулаторияда балдардын ыңгайлуулугу үчүн зарыл болгон нерселер алынып берилди.
Эскерте кетсек, бул оорукана Бишкек шаарындагы балдарга кечиктирилгис, күнү-түнү жардам көрсөткөн жалгыз көп тармактуу балдар ооруканасы болуп саналат.
Help the Children - SKD коомдук кайрымдуулук фонду онкологиялык, гематологиялык жана иммунологиялык оорулар менен жабыркаган балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтөт.
Фонд 14 жылдан бери балдардын өмүрүн сактап калууга, бөлүмдөрдөгү жайлуулукту жана ыңгайлуулуктутүзүүгө, ооруну басаңдатууга жана адамдардын жүрөгүнө үмүт менен ишенимди орнотууга жардам берип келет.