Биринчи май райондук администрациясы Шаардык чарба департаменти  менен биргеликте жаңы жылдык корпоративдик иш-чараларды өткөрүүнүн ордуна социалдык жатакананын тургундарына колдоо көрсөтүштү.

Профсоюздук чегерүүлөрдөн түшкөн каражатка мекеменин тургундарына  шейшептер жана тамак-аштар алынды.

Белгилей кетсек, социалдык жатакана 63 орунга ылайыкталган. Эки кабаттуу имаратта 24 бөлмө (эки жана үч орундуу) керектүү эмеректер, кир жуучу жай, ашканасы  бар. Ал жерде социалдык кызматтар көрсөтүлөт: бекер жатакана, ишке орноштурууда социалдык колдоо, кайра даярдоо, документтерди калыбына келтирүү жана психологдун кызматтары.

Учурда социалдык жатаканада мектеп-интернаттын 18 жаштан 23 жашка чейинки 40 бүтүрүүчүсү жашайт.

Эске салсак, борбор калаанын мэриясы быйылкы жылы жаңы жылдык корпоративдик иш-чаралардан кайрымдуулуктун пайдасына баш тартуу чечимин кабыл алган.