Борбор калаада Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Казакстан Республикасынын соода жана интеграция министри Бакыт Султанов баштаган Казакстандан келген делегация менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар муниципалитеттин башчысы Нур-Султан шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында кол койгон меморандумдун алкагында Бишкек мэриясы тарабынан газ менен жүрүүчү автобустарды алуу боюнча мүмкүн болгон инвестициялык келишимдин шарттарын талкуулашты.

Айбек Жунушалиев кыймылдуу курамды көбөйтүү маселеси шаардык транспорт кызматтарынын күн тартибинде курч турганын белгилеп, адегенде мэр жеткирүүчүлөргө анын ишинин сапатын баалоо үчүн тесттик автобус жөнөтүүнү сунуштап, натыйжада сатып алуулар шаардыктардын жана жүргүнчүлөрдүн  сын-пикирлерин жана каалоолорун эске алуу менен жүргүзүлө турганын

Тараптар ошондой эле өз ара пайдалуу мамилелерди куруунун, жарандардын коопсуздугун камсыздоо процессине акылдуу технологияларды киргизүүнүн жана борбордун муниципалдык техника паркын жаңыртуунун потенциалдуу жолдорун карашты.

Эскерте кетсек, буга чейин Нур-Султан шаарына болгон иш сапарынын алкагында 2022-жылы Yutong үлгүсүндөгү газ менен жүрүүчү 1000 автобус сатып алуу ниети боюнча меморандумга кол коюлган.

Меморандумга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлиги, Казакстан Республикасынын соода жана интеграция министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы, “Өнөр жайды өнүктүрүү фонду” АК, “KazakhExport” ЭКК АК, “Qaztehna” ЖЧК, “СарыаркаАвтоПром” ЖЧК, «Камаз-Инжиниринг» АК , "ONAY Pay" ЖЧК кол коюшкан.