Биринчи май райондук администрациясы көчмө бригада менен биргеликте «Тазалык» жана «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлерине  COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн зарылдыгы жана санитардык нормаларды жана эрежелерди сактоо боюнча жолугушту.

Жолугушууда жумушчуларга вакциналар, медициналык көрсөткүчтөр жана каршы көрсөтмөлөр айтылды. Жыйындын соңунда каалоочулар эмдөөдөн өттү.

Эске салсак, эмдөө пункттарынан Sinopharm, Sputnik V, AstraZeneca, Pfizer / BioNTech, Sputnik Light эмзаттарын  10 эмдөө пунктунан ала аласыз:

- №3 ҮМБ;
- № 7 ҮМБ;
- № 14 ҮМБ;
- №16 ҮМБ;
- «Калыс-Ордо», «Мурас-Ордо», «Көлмө», «Жеңиш» конуштарында жайгашкан врачтык амбулаторияларда;
- «Бишкек Парк» соода жана оюн-зоок борборунда;
- "Vefa Center" соода борборунда.

Бул багыттагы иштер улантылууда.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору!
Баарыңыздарды вакцинаны алууга чакырабыз. Белгиленген санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана талаптарды мындан ары да сактоону суранабыз: беткап кийиңиз, аралыкты сактаңыз, антисептик колдонуңуз жана имараттын ичин тез-тез желдетиңиз.

Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!