Жаңы жылдык майрамдардын алдында жана калаанын базарларындагы кичи ишкерликти  колдоо максатында, базарларда мурдагыдай эле жумасына бир санитардык күн өткөрүлөт. Мындай тапшырманы район акимдерине борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев тапшырды.

Мэр акимдерден базар кызматкерлери арасында коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алуу зарылчылыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана эмдөө үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү талап кылды.

Чарба жүргүзүүчү субъекттер дезинфекциялык иш-чараларды жүргүзүүгө, ошондой эле аймакты жана ага чектеш жер участокторун санитардык тазалоону жүргүзүүгө милдеттүү.

Белгилей кетсек, “Орто-Сай” базарынын соодагерлери тарабынан санитардык-эпидемиологиялык талаптар бир нече жолу бузулуп, дезинфекциялоо иш-чараларына арналган күнү ишкердик  жүргүзүлгөн.

Санитардык-экологиялык инспекция тарабынан сатуучуларга 17500 сом өлчөмүндө антисанитардык акт түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы №244 токтому менен бекитилген Убактылуу санитардык нормаларды жана эрежелерди аткарууну бузгандыгы үчүн Санэпидкөзөмөл борбору тарабынан базардын чарбакер субъекттерине карата 52 500 сом суммасында 28 айып пул  салынган.