10-декабрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин Беларусь Республикасынын өнөр жай министри Петр Пархомчик менен жолугушуусунун жыйынтыгында тараптардын сүйлөшүүлөрүнүн протоколуна кол коюлду.
Документке Айбек Джунушалиев жана Петр Пархомчик кол коюшту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын транспорттук комплексин жаңылоо боюнча долбоорлорго беларус тараптын катышуусу эки тараптуу кызматташуунун келечектүү багыты болуп саналаарын жана мындан аркы өз ара аракеттенүү үчүн олуттуу потенциалга ээ экендигин белгилешти.
Эске салсак, 9-декабрда Бишкек шаарынын мэри конокторго «МАЗ» ААК чыгарган, газ менен жүрүүчү жүргүнчү ташуучу транспорттун экологиялык жактан таза түрлөрүн, ошондой эле «Белкоммунмаш» ААК чыгарган электр транспортун сатып алуу зарылчылыгы тууралуу маалымат берген.
Өз кезегинде Петр Пархомчик жүргүнчүлөрдү ташуучу унааларды чыгарууга жана жеткирүүгө даяр экендигин тастыктады. Беларусь тарап декабрь айында газ кыймылдаткычындагы биринчи блогун сыноо үчүн жеткирүүнү камсыз кылууга кызыктар экенин билдирди.