Бишкектин Ленин районунун аймагында өрттөн куткаруу кызматынын имаратынын курулушу жүрүп жаткан жерге капсула салуу аземи болуп өттү.
Иш-чарага Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вон Чжэ, Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен жана борбор калаанын биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкулов катышты.
Долбоорго ылайык, имарат эки блоктон турган Т формасында болот. Курулуштун алдын ала аяктоосу 2023-жылдын март айына пландаштырылган.
Белгилей кетсек, бул долбоор 2018-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкын жана аймактарын өзгөчө кырдаалдардан жана өрттөн комплекстүү коргоо Концепциясынын бир бөлүгү болуп саналат. Документ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы №58 токтому менен бекитилген.
Ошондой эле КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин келечектүү стратегиялык өнүгүү планына киргизилген. План кырсыкка даярдыкты жакшыртууга жана өрт кырсыгынан жабыркагандарга өз убагында жардам көрсөтүүгө жана өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды азайтууга көмөктөшөт.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын аймагында жылына 800дөн ашык өрт чыгып, 100 миллион сомдон ашык чыгым келтирилет.