10-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Т.Э.Дайырбеков президиумдун жыйынында шаардык транспорт башкармалыгына бекитилген Volkswagen Passat маркасындагы (мамлекеттик номуру 0035 ВС) кызматтык унаа туура эмес пайдаланылып жатканын билдирген.
Кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлгөнүн борбор калаанын мэриясы билдирет. Анын ишинин жыйынтыгы боюнча корутунду берилип, ага ылайык муниципалитеттин жетекчилиги тиешелүү чечим кабыл алат.
Комиссия Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 44-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы №674 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык иликтөөлөрдү уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун негизинде түзүлгөн.