Бишкек шаарынын улук прокурорлору Нургүл Сулайманова жана Абдырашид Жаманкеев муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүп, анда коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы орчундуу маселелерди талкуулашты.

Жыйын жыл сайын 9-декабрда белгиленүүчү коррупцияга каршы күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө арналды. 2003-жылдын 9-декабрында БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясы кабыл алынып, Кыргыз Республикасында ратификацияланган. Конвенцияны ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы саналат.

Документ коррупцияга каршы саясат жүргүзүүгө жана анын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттендирет.

Иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоонун кыйла натыйжалуу механизми киргизилип жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында коррупцияга каршы мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча сунуштар иштелип чыккан. Сунуштардын негизинде “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы долбоору иштелип чыгууда.