Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы борбордун эстетикалык көркү үчүн күрөшүп, өзүм билемдик менен орнотулган объекттер менен күрөшүүнү улантууда.  “Тазалык” муниципалдык ишканасы  алмаштыргыс жардамчысы  болуп келет.

Бул жолу биз Патриса Лумумбы көчөсүнөн №94 жана №98 үйлөрдүн жанындагы күркө  түрүндөгү женил типтеги объектти алганга жетиштик.

Түшүндүрүү  иштеринен соң Садыгалиев көчөсүндө жайгашкан гриль сатуучу соода түйүнү өз ыктыяры менен демонтаждалды.
Балбан-Таймаш жаңы конушунда Патриса Лумумбы көчөсүнүн жана Чоң Чүй Каналынын кесилишинде күркө алынды.

Андан тышкары Манас көчөсүнүн  жана ЧЧКнын кесилишинде күркө алынды, Чүй проспектисинде №75 үйдүн жанында күркө демонтаждалды.

Манас проспектисинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин №5 корпусунун жанындагы тосмо дагы алынды, натыйжада 106 метр муниципалдык аймак бошотулду.

Бул багыттагы иштер уланууда.