Күн сайын муниципалитеттин санитардык-экологиялык инспекциясынын тобу шаардын аймагын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча ишин улантып келет.
Инспекторлор тарабынан рейддер жүргүзүлүп, мыйзам бузуулар аныкталып, аларга жеринде акт түзүлдү. Ал акттардын негизинде, ушул жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирген КРнын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык, каралган беренелер боюнча протоколдор түзүлөт.
«Аргын курулуш», «Элит строй Сити», «КРнын Улуттук илимдер академиясынын геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институту» ишканалары жана «Ак бата» кафеси жол катмарын бузушкан.
Ташкөмүр №8 дарегиндеги «Коммунальник», Ашар көчөсүндөгү «Шер курулуш» ишканалары, Д.Сяопин №551 көчөсүндөгү жеке менчик бала бакча курулуш таштандыларын ыргытышкан, ал эми шаар тургуну Т.Тажыбаев ага тийиштүү аймакта тазалык тартибин сактаган эмес.
Урматтуу шаардыктар! Мыйзам бузууларга күбө болсоңуздар, Санитардык-экологиялык инспекциянын төмөнкү номурларына кайрылыңыздар:
- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.