Ленин администрациясында райондун акими Русланбек Тагаевдин төрагалыгы алдында шаардык, райондук кызматтардын жетекчилери жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилеринин катышуусунда кезектеги пландуу жыйын болуп өттү.

«Ош базары» соода оюн-зоок комплексинин аймагындагы мыйзамсыз сооданы жоюу боюнча муниципалдык администрациянын экономика жана финансы бөлүмүнүн жана Ленин райондук спорт комитетинин 2021-жылдын 10 айында аткарган иштери тууралуу отчету кабыл алынып, 2022-жылга планы талкууланды.

Экономика жана финансы бөлүмүнүн маалыматы боюнча, жыл башынан бери «Ош-Базары» соода комплексинин аймагында 125 рейд жүргүзүлүп, мыйзамсыз соода-сатыкка өбөлгө түзгөн 1092ден ашык объект жана конструкциялар демонтаждалган жана Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын унаа токтотуучу жайына 87 даана арабалар (кол арабалар) жеткирилген.

Массалык-спорттук жана дене-тарбия иш-чараларынын календарлык планына ылайык, 2021-жылы Ленин райондук спорт комитети тарабынан райондук иш-чаралар, спартакиадалар өткөрүлүүдө. Отчеттук мезгилде мектеп окуучулары арасында спорттун 8 түрү боюнча спартакиаданын райондук этабы өтүп, ага миңден ашык бала катышкан.

Жыйындын жыйынтыгында администрациянын экономика жана финансы бөлүмүнүн кызматкерлерине «Ош базары» соода жана оюн-зоок комплексинин аймагындагы мыйзамсыз соода-сатыкты жоюу боюнча иштерди күчөтүү, өз кезегинде социалдык бөлүмгө калк жана райондук кызматтардын арасында COVID-19  коронавирус инфекциясына каршы эмдөө иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.