Свердлов районунун акимиаты кайырчылык менен алектенип, оор абалда калган балдарды аныктоо боюнча рейд уюштурду.
Райондогу тогуз базарда беш мобилдик топ тарабынан рейд жүргүзүлдү: Ак-Эмир, Чынар, Мадина, Дордой, Скотный, Аламүдүн базары, Турбаза, Чолпон, Эски толчок, ошондой эле автобекеттерде, кафелерде, унаа жуучу жайларда өткөрүштү. Жалпысынан 87 объект текшерилди.
Жыйынтыгында 6 ата-эне жана 9 баланын өздүгү такталып, алар кайыр сурашкан. Ал эми төрт бала ата-энесине жумушта жардам беришкен.
Жашы жете элек балдар менен бирге кайырчылык кылууга жол бербөө боюнча ата-энелер менен профилактикалык баарлашуу жүргүзүлүп, алдын алуу актылары түзүлдү.