Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек балдар жана өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу, алардын укуктарын коргоо боюнча негизги субъекттер менен өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү максатында Октябрь акимиатында кеңейтилген жыйын болуп өттү.
Жыйынга РИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын, Октябрь райондук билим берүү борборунун, МАБдардын, бириккен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө, жашы жете электер арасында профилактикалык иштердин чоң блогун жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору тарабынан жүргүзүлүп жатканына карабастан, МАБдар тарабынан райондун тургундары менен укук бузуулардын алдын алууну күчөтүү, жарандар менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу керектиги айтылды.
МАБдардын башчыларына жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуунун негизги субъекттеринин ортосунда системалуу өз ара аракеттенүү үчүн диалогдук аянтчаны туруктуу негизде уюштуруу милдети коюлду.
Жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине, ҮМБ директорлоруна, социалдык кызматкерлерге, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнө, ИИБнын инспекторлоруна коомдук уюмдар, аксакалдар соттору, аялдар жана жаштар кеңештери менен активдүү кызматташууга жана жашы жете электер тарабынан жасалган укук бузуулардын кесепеттери менен күрөшүүгө эмес, аларды алдын алууга аракеттер кылуу керектиги белгиленди.