Бишкек шаарынын мэриясы жаңы конуштардын инфраструктурасын жакшыртууну улантууда.
Ак-Өргө конушунун Камбаркан, Бекет, Аймончок көчөлөрүнө шагыл төгүүнү улантып жатабыз. Жалпы узундугу 830 метрди түзөт.
Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын жарыялаган сынагынын жыйынтыгында «Альянс Проект» курулуш компаниясы бөдрөтчү аныкталды.
Ишти 2021-жылдын декабрынын аягында бүтүрүү пландалууда.
Урматтуу шаардыктар! Биз ар дайым жардам берүүгө жана суроолорго жооп берүүгө даярбыз. Ошондой эле Бишкек мэриясынын Facebook, Instagram, Twitter жана Telegram социалдык тармактарындагы расмий аккаунтуна жазылып, ыкчам маалымат алып, суроолорду берсеңиздер болот. Ошондой эле, бардык маалыматтар Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтында ыкчам жайгаштырылат: www.meria.kg
Шаар тургундарынын кайрылууларын 1840, 1850, 0 (312) 591802 номурлары аркылуу кабыл алабыз жана фото жана видео фактыларды Бишкек шаарынын мэриясынын башкы WhatsApp каналына: 0554182185 жөнөтүңүздөр.