Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Бишкек шаарынын мэриясынын кызматтары менен биргеликте “Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун 3-фазасына киргизүү маселеси каралып жаткан долбоорлор менен таанышты. Долбоордун аткарылышы Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен каржыланган.
Ишке ашыруу үчүн 3 долбоор сунушталды:
• Л.Толстой - Фучик - Д.Садырбаев (Бах) көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдеги жол кайчылашуусун куруу. Фучик көчөсүн ачуу менен Л. Толстой көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин Баха көчөсүн реконструкциялоо;
• Л.Толстой менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишиндеги транспорттук түйүнүн куруп, Матыев көчөсүнө чейин ачуу жана Э. Чапаев көчөсүнөн өтүүчү "Ала-Арча" дарыясына көпүрө куруу;
• Л.Толстой көчөсүнө чыгуучу темир жол аркылуу Сүйүмбаев жана Т.Айтматов көчөлөрүн бойлото эстакадалык өтмөктөрдү куруу. Келечекте "Аламүдүн" дарыясын бойлото Л. Толстойдон Медеровго чейин Карадарыя көчөсүн ачуу мүмкүнчүлүгүн түзүү.
Бүгүнкү күндө долбоорду даярдоо жана алдын ала эсептөөлөрдү камтыган алдын ала долбоор иштери жүргүзүлүүдө.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 3-декабрында муниципалитеттин башчысы Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолукту. 2022-жылы “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун үчүнчү фазасын ишке киргизүү маселеси каралды.