Бишкек шаарынын мэриясы шаардын көчөлөрүн кыдырып, зордук-зомбулукка кабылган балдарды аныктады.
Октябрь районунун администрациясы, Ички иштер башкармалыгы, жашы жете элек спрмдр менен иштөө инспекциясы, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү, билим берүү борбору жана №9 МАБы тарабынан "Орто-Сай"базарынын аймагында инспекция иштерин жүргүзүштү.
Тилекке каршы, төрт бала жекшемби күнү ата-энесине жашылча-жемиш сатканга жардам берген жана бир жаран баласы менен кайыр сурап жатканы аныкталган.
Өспүрүмдөрдүн ата-энелери менен ата-энелик милдеттердин талаптагыдай аткарылышы керек экендиги боюнча түшүндүүрүү иштери жүргүзүлдү.
Балдарды коргоо боюнча рейддер улантылууда.
Октябрь районун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда 2821 бала турат анын ичинен: бала чагынан мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейин - 844; жетим балдардын саны – 68; жарым – жартылай жетим балдардын саны– 433; аз камсыз болгон үй – бүлөлөрдүн саны – 444; багуучусунан ажырагандыгы боюнча жөлөкпул – 576; жеңилдетилген категориядагы балдар саны -63; мигранттардын жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар саны -393.
Урматтуу ата-энелер! КРнын мыйзамдарына ылайык, балдарга туура тарбия берүү жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу ата-энердин милдети жана алар гана жооптуу, балдардын эмгегин пайдаланууга тыюу салынат!
Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиздер балдарга зордук-зомбулук көргөзгөн же кайырчылык менен алектенгендерди көрсөңүздөр, дароо милицияга кайрылыңыздар: 102.