Бүгүн, 3-декабрь Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү.
Шаардын ар бир районунда өзгөчө шаардыктарды колдоо боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө: ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шаардык реабилитациялык борборунда, Бишкек шаардык карылар жана майыптар социалдык стационардык мекемесинде (БМББ) концерттик иш-чаралар уюштурулуп, балдарга таттуу белектер даярдалды.
Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы (СӨБ) 7468 мүмкүнчүлүгү чектелген адамга бир жолку жөлөк пул түрүндө даректүү социалдык жардам көрсөттү, анын ичинен миң балага таттуу белектер тапшырылат.
Район башчылары да атайын шаар тургундарын колдоп, аларга барып, белектерин берип, райондук администрациялар аркылуу материалдык жардам көрсөтүп келишет.
Белгилей кетсек, даректүү социалдык жардам көрсөтүү боюнча иштер уланууда, борбордо даректүү жардамдын 22 түрү, анын ичинде төлөм түрүндө:
• согуштун майыптарына, тылдын майыптарына 1,3 миллион сом өлчөмүндө квартал сайын берилүүчү социалдык стипендиялар;
• ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан турган 2625 үй-бүлөгө катуу отунга (көмүр) акчалай компенсация 14,9 млн.
• ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин 3360 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө квартал сайын 6,1 млн сом өлчөмүндө стипендия;
• 3499 үй-бүлөгө, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө коммуналдык төлөмдөргө турак жай субсидиялары 11 млн.
• Бишкек шаарында гана 1, 2, 3 топтогу майыптар, майып балдар шаардык жүргүнчүлөр транспортунда бекер жүрүшөт.
Мындан тышкары, шаар мэриясы 36 түрдүү коомдук уюмдар, бирикмелер жана атайын жарандардын борборлору менен кызматташып, колдоо көрсөтөт.
Эске салсак, шаардын социалдык өнүктүрүү тармагында 12 миңден ашык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар каттоодо турат, анын ичинде:
- Экинчи дүйнөлүк согуштун 7 майыбы;
- Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюунун натыйжасында майып болуп калган 278 адам, Советтик Армиянын майыптары, инвалид-интернационалисттер, майыптык тобу бар тыл кызматкерлери;
- жалпы 2027 майып (I, II, III топтогу);
- көрүү жана угуу боюнча 2539 адам;
- 18 жашка чейинки жана андан улуу 7321 майып балдар.