Шаардык муниципалитеттин буйругу менен Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан сегиз билим берүү мекемесинде авариялык оңдоо иштери жүргүзүлдү.
№45, № 51 жана № 2 жалпы билим берүүчү мектептеринде, ошондой эле, №66 жана №87 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жылуулук трассасы оңдоодон өткөрүлдү.
№135 жана №5 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ички жылытуу системасы оңдолду.
№52 бала бакчада чатыр орнотуу иштери жүргүзүлдү. №3 орто мектепте жумшак чатырды оңдоо иштери уланууда.