Бишкек шаарынын мэриясында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин  Кытайдын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айым менен жолугушуусу өттү.

Жолугушууда мэр кытай тарапка шаардын инфраструктурасын жакшыртууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди. Айбек Жунушалиев 2022-жылы «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун 3-фазасын биргелешип ишке ашыруу башталаарын,  ошондой эле  муниципалитет Дэн Сяопин проспектисин жакшыртууну пландап жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Кытай Элчиси Айбек Жунушалиевге жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, ишке ашырылып жаткан долбоорлордо мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Маалымдама: “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Долбоордун алкагында жалпы узундугу 70 чакырымдан ашкан 60 көчө реконструкцияланат, ошондой эле 5 көпүрө куруу пландалууда. Иштерди Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен подрядчы China Road and Bridge Corporation жүргүзүүдө.