Октябрь районунун акими Мирлан Эшкожоев райондук ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту.

Жыйынга төрага Исаков Зоотбек, райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы жана МАБдардын жетекчилери катышты.

Ардагерлер кеңешинин 2021-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2022-жылга милдеттер белгиленди.

Райондук ардагерлердин социалдык көйгөйлөрүнө байланыштуу суроолор көтөрүлдү. Жолугушуунун катышуучулары башчы менен кызыктырган суроолорун талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты.

Белгилей кетсек, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында  176 адам каттоодо турат.