Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Жаңы Жибек жолунун мега шаары” телекөпүрөсүнө катышты.

Онлайн иш-чара «Almaty Investment Forum 2021»  эл аралык инвестициялык форумунун алкагында өттү.

Видеоконференцияга Айбек Жунушалиев менен бирге Алматы шаарынын мэри жана Казан, Санкт-Петербург, Самарканд, Ташкент, Стамбул жана Шэньчжэнь шаарларынын бийлик өкүлдөрү катышты.

Бишкек шаарынын мэри маданият, туризм, соода жана инвестицияга дүйнөлүк кызыгууну арттыра ала турган жаңы Жибек Жолун жандандыруу канчалык маанилүү экенин белгиледи.

«Жаңы Жибек Жолунун кайра жаралышы катышуучу шаарлар үчүн жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жана жаңы өсүү чекиттерин түзөт, бул бүткүл дүйнөнүн ишмердүүлүгүнүн ар кандай чөйрөлөрүнө жана аспектилерине кызыгуусун арттыруу үчүн өбөлгөлөрдү өнүктүрүүгө түрткү болот», - деди Айбек Жунушалиев.

Ошондой эле мэр Жибек Жолунун шаарларынын ортосундагы түз кызматташтыкты тыгыз талкуунун негизинде өнүктүрүү зарылдыгына токтолду. Шаарлар ортосундагы кызматташтык муниципалитеттердин деңгээлинде да, калктын жана бизнестин деңгээлинде да өнүгүшү керек. Ал эми катышуучулар тиешелүү аянттарды түзүүгө аракет кылышы керек. ЭКСПО жана көргөзмөлөрдү, бизнес-конференцияларды, ошондой эле ишканалардын кызматташуусу боюнча иш-чараларды өткөрүү, кластерлерди жана биргелешкен өндүрүш циклдерин түзүү аркылуу.